YouTube видеохостингинин администрация орусиялык теле алып баруучу Владимир Соловьёвдун "Соловьёв Live" жана анын теле берүүсүнүн "Воскресный вечер с Владимиром Соловьёвым" (“Жекшемби күнү кечинде Владимир Соловьёв менен”) каналдарын өчүрдү. Теле алып баруучу муну “согуш жарыяланды” деп атап, Орусияда YouTube видеохостингин жабууга чакырды.
Буга чейин YouTube Russia Today телеканалына таандык бир нече каналды жапкан. Теле алып баруучу Владимир Соловьевго, RT каналаныны башкы редактору Маргарита Симоньянга Евробиримдик санкция салган.
Дагы караңыз
Кыргызстанда өткөн жылы 300дөй бала сексуалдык зомбулукка кабылганСтатистика: аялдар эркектерге караганда аз айлык алатПрезидент Жапаров айымдарды куттуктадыКанада Песков, Симоньян, Эрнст жана башкаларга санкция салды