Милиция кармап кеткен укук коргоочулар сотко жеткирилди

Азиза Абдирасулова

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы митинг учурунда милиция кармап кеткен укук коргоочулар Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жеткирилди. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова аларга "Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийбөө" жана "Майда бейбаштык" беренеси боюнча айып коюлуп жатканын билдирди.

Укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулованы 17-мартта эртең менен милиция кармап кеткен. Алар айрым жарандык активисттер, укук коргоочулар менен чогуу Украинадагы согушка каршылык билдирип чыгышкан.

Милиция азырынча комментарий бере элек.

Акыйкатчы Атыр Абдырахматова укук коргоочуларды кармап кеткен окуяга байкоо салып турарын "Азаттыкка" билдирди.

14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 11-марттан 11-апрелге чейин митинг, акцияларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча райондук милициянын чечимин мыйзамдуу деп тапкан.

Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имаратынын алдында да акцияларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынган.

Мындай иш-чараларды Бишкектин Максим Горький атындагы скверде уюштурса боло турганы кабарланган.

Жарандык коом Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында Киевди колдогон бир нече акция өткөрдү. Ошол маалда Москваны жактагандар да пикетке чыккан.

Расмий Бишкек калыс позицияны карманып, Киевди жана Москваны жаңжалды сүйлөшүү, тынчтык жолу менен чечүүгө чакырган.

24-февралда Орусия Украинага бастырып киргенден бери бир нече шаарлар талкаланды. 3 миллиондой адам качкынга айланып, эки тараптан тең курмандыктардын саны өсүүдө. Эл аралык коомчулук Москванын бул аракетин айтыптап, өлкөгө бир катар санкцияларды салды.

Дагы караңыз

Өзбекстан Донбасстагы жикчил аймактарды тааныбай турганын жарыялады Ош мэриясы Сулайман-Тоо муниципалдык менчикке өткөрүлөрүн билдирди Ошто эки окуучу көп кабаттуу үйдөн кулап, бири каза болдуИранда камакта жаткан Британиянын эки жараны үйүнө кайтып келдиБоспиек айылында Аксы окуясынын курмандыктары эскерилди