Кыргызстан коронавирусту дарылоо боюнча алты протокол алмаштырды

Иллюстрациялык сүрөт.

Республикалык штаб мындан эки жыл мурун, 2020-жылдын 18-мартында Кыргызстан коронавирус инфекциясынын биринчи учурун расмий каттаганын билдирди.

Эки жылда өлкө коронавирустун төрт толкунун өткөрдү. Биринчи толкун 2020-жылдын июнь-август айлары, экинчи толкун 2020-жылдын октябрь-декабрь айлары, үчүнчү толкун 2021-жылдын июнь-июль айлары жана төртүнчү толкун 2022-жылдын январь-февраль айлары.

Эки жылда Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19ду дарылоо боюнча алты протокол алмаштырды. Кыргызстандын 100дөн ашуун медицина кызматкерлери сөз болуп жаткан вирустан каза болду.

18-мартка карата өлкөдө пандемия башталгандан бери расмий эсепте COVID-19 жуккандардын саны 200 миңден ашты, 2977 адам каза болуп, 196 миңден көбү сакайып чыкты. (BTo)

Дагы караңыз

Бейшеналиевдин ишине нааразылар аны кызматтан кетирүүнү талап кылдыИИМ: Кыргызстанда баңгизат саткан 30 онлайн-дүкөн жабылдыЗеленский Орусиянын экономикасын колдоду деп Германияны айыптадыCOVID-19: бир адам каза болуп, 11 кишиден жаңы аныкталдыКар көчкү түшкөн Долон ашуусу ачыла элекПольшанын мурдагы аскер кызматкери Беларуста асылган абалда табылды