“Түндүкэлектр” ишканасынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура электр энергиясына 39 миллион сом дебитордук карызды мыйзамсыз баланстан чыгарган деген негизде “Түндүкэлектр” ишканасынын жооптуу кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоду.

Кылмышка шектүү катары “Түндүкэлектр” ишканасынын башкы директорунун мурдагы орун басары Ж.Т.О., Панфилов району боюнча энергия сатуу бөлүмүнүн башчысы Б.Т.О. жана Бишкек шаары боюнча энергия сатуу бөлүмүнүн башчысы С.М.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Шектүү тарап жана алардын адвокаттары, аталган ишкана комментарий бере элек.

Буга чейин башкы көзөмөлдөөчү орган "Ош электр" ишканасынын "Чыгышэлектр" ишканасынын Нарын филиалында коррупция фактысы аныкталганын билдирген.

Дагы караңыз

Next TVнын соту: судья видеого уруксат бербей, Жээнбековду отурумдан чыгардыСегизбаевдин камак мөөнөтү 20-майга чейин узарганы маалым болдуНемцов киши колдуу болордон мурда коопсуздук кызматкерлери аңдыганы аныкталды Адвокат Токтакунов аны кармоо учурунда күч колдонулганын билдирдиЧехия орус олигархтарынын миллиондогон долларын камакка алды