Жогорку Кеңеш "Жайыттар" мыйзамын экинчи окууга кайра кароого жөнөттү

Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңеш Жер кодексине, "Жайыттар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, экинчи окууга кайра кароого жөнөттү. Талкуу, суроо-жооп маалында чыгып сүйлөгөн депутаттардын дээрлик баары ага каршы чыгып, "документ чала жазылган, элдин пикири эске алынган эмес, коррупцияга, жерлерди мыйзамсыз ээлеп алууга жол ачат" деген дооматтар айтылды.

Өткөн айдын аягында парламенттин тармактык комитети аталган мыйзам долбоорун колдогон эле.

Айыл чарба министрлиги долбоор жайыттарды сарамжалдуу пайдаланууга багытталганын билдирип келет. Ошондой эле жалпы жайыттардын 10% бакча катары өздөштүрүлөрүн, бул Кыргызстандагы жемиш бактары тигилген жерден эки эсе көп экенин түшүндүргөн.

Министрлик өздөштүрүлгөн жайыттар жеке менчикке берилбей турганын, айыл чарба аянтынын мамлекеттик фондунун курамына киргизилип, 5 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилерин белгилеген.

Кыргызстанда жалпысынан тогуз миллион гектар жайыт бар. Чөп жакшы чыкпаган, кунарсыз жайыттар 500 миң гектарга чейин деп эсептелген.

2015-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 36 миң гектар жерде гана көп жылдык өсүмдүктөр өстүрүлгөн.

Дагы караңыз

Адвокат: камактагы блогер Жолболдуева жанын кыюуга аракет кылды Санкт-Петербург: мекендештерин тоногон эки кыргыз жараны камалды Чек ара чыры: сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы Лейлекте өтөт Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалилов үй камагына чыктыРусланбек Акматалиев Асман шаарын куруу долбоорунун башчысы болду