Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ички иштер министри Улан Ниязбековго өлкөдөгү бардык машинелерге милдеттүү түрдө видеокаттоо (видеорегистратор) системасын орнотуу каралган мыйзам долбоорун даярдоону тапшырды.
Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта "машинелерге видеокаттоо коюу тартипти күчтөндүрүүгө, коомдук коопсуздукту чыңдоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле видеокаттоодогу жазуулар жол кырсыгынын себебин талдоодо маанилүү курал болуп берет. Аталган ченемди 2025-жылга карай ишке киргизүү сунушталууда, бул автоунаа ээлерине көрсөтүлгөн убакытка чейин видеорегистратор алууга өз бюджетин пландаштырууга мүмкүндүк берет" деп айтылат.
Февраль айында Акылбек Жапаров милицияга жол кырсыктарын 50% азайтуу тапшырмасын берген. Ошондой эле автомектептерге лицензия берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан реформа үзүрүн бериши керектигин эскерткен.
Ушул жылдын алгачкы үч айында өлкөдө 1343 жол кырсыгы катталган. Анда 1990 адам жараат алып, 107 киши көз жумган.
Былтыр Кыргызстанда жети миңдей жол кырсыгы катталган, бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 22% көп.
Кыргызстанда 1,5 миллионго жакын машине катталган. (EBM)
Дагы караңыз
Жогорку Кеңеш "Жайыттар" мыйзамын экинчи окууга кайра кароого жөнөттү Адвокат: камактагы блогер Жолболдуева жанын кыюуга аракет кылды Санкт-Петербург: мекендештерин тоногон эки кыргыз жараны камалды Чек ара чыры: сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы Лейлекте өтөт Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалилов үй камагына чыкты