14-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Ош шаары. Иллюстрация.

Ош шаары. Иллюстрация.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 14-апрелде Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24,

Талас жергесинде түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнү 11…16, күндүз 23…28,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19,

Нарын облусунда түнкүсүн 5…7, күндүз 15…17,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5.

Бишкекте күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын табы түнү 10…12°, күндүз 20…22° болот. (BTo)

Дагы караңыз

Нарында Куланак ГЭСин курууга жеке жактарга уруксат берилдиЧек арадагы окуя боюнча териштирүү башталды, кошумча күчтөр артка кайтуудаБажыдагы коррупция боюнча айыпка жыгылган Боронбаев парламентте ант бердиБайден Орусиянын Украинада кылгандарын геноцид деп атадыИИМ: үч айда турак жай кооперативдери боюнча 73 иш козголдуАдвокат: камактагы блогер Жолболдуева жанын кыюуга аракет кылды Кадырбеков Кумтөр боюнча макулдашууну сындадыОппозиция бийликти Кумтөр боюнча келишимден баш тартууга чакырды