Чек арадагы Достук айылына бир канча снаряд түшкөн

Бул тууралуу Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу Достук айылынын тургундары "Азаттыктын" ошол жерде жүргөн кабарчысына билдиришти. Бир снаряд жергиликтүү тургундардын биринин короосуна, үйүнөн 5-6 метрдей алыс түшкөн. Натыйжада тамдын айнектери талкаланып, дарбазасы тешилип калган.

Кыргыз-тажик чек арасында 12-апрелдин кечинде ок атышуу орун алган. Буга байланыштуу тараптар алгач Тажикстандын аймагында, андан кийин Лейлекте жолугушуу өткөрүштү. Анда чек арага тартылган кошумча күчтөрдү алып кетүүнү макулдашты.

Соңку чырда Кыргызстандын эки жараны жараат алды, алардын бири аскер кызматкери жана анын абалын дарыгерлер орто деп сыпаттап жатат. Жарадар болгон жергиликтүү тургунга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, абалы туруктуу болгондуктан амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

“Азаттыктын” тажик кызматы жеке булактарына таянып тажикстандык 27 жаштагы жоокери жараат алып, ага операция жасалып жатканын жазган.

Тажикстан тараптан расмий комментарий боло элек. (EBM)

Дагы караңыз

Кыргызстанда жашоо минимуму 6813 сом деп эсептелдиЧек ара: Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө күйүүчү май таңкыстыгы жаралды Кадырбеков Кумтөр боюнча макулдашууну сындадыЖогорку Кеңеш "Жайыттар" мыйзамын экинчи окууга кайра кароого жөнөттү Чек арадагы жаңжалга байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүү уланып жатат