Назарбаевдин ысымын Конституцияга киргизүү сунушталды

Нурсултан Назарбаев.

Казакстандын Конституциясын өзгөртүү боюнча жумушчу топ Башкы мыйзамда өлкөнүн мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин макамын “көз карандысыз Казакстандын негиздөөчүсү катары” киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу атайын брифингде жумушчу топтун мүчөсү Ермек Абдрасулов билдирди.

Абдрасулов муну “тунгуч президенттин өлкөнү куруудагы зор эмгек жасаганы менен түшүндүрүп, ага бүтүн дүйнө күбө экенин” айтты.

Бул демилге Казакстанда бир катар юристтер сынга алынды. Конституциялык укук боюнча юрист Акиф Сулейманов Баш мыйзамда казак мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы узак жылдарга барып такалары жазылганын, ал эми Казакстан СССР таркагандан улам көз карандысыздык алып калганын белгилейт. Ошол себептүү ал Назарбаев Казакстандын негиздөөчүсү деп эсептелбей турганын “Азаттыктын” казак кызматына билдирди.

Казакстандын Баш мыйзамына 2017-жылы киргизилген өзгөртүүлөрдө биринчи президент – елбасы макамы каралган. Айрым жергиликтүү юристтер Конституциянын бул макам жазылбаган 1995-жылкы үлгүсүнө кайтууну талап кылып келишет.

Кандуу Январь окуяларынан кийин Назарбаевдин жакын адамдарынын көбү кызматтан кеткен. Учурда Назарбаевдин маркум инисинин улуу Кайрат Сатыбалды жана мурунку кудасы Кайрат Боранбаев акчанын изин жашырууга байланыштуу камакта отурат. Мурдагы президенттин тун кызы Дарига Назарбаева депутаттык мандатын тапшырып берген.

Серепчилер Январь окуяларынан кийин Казакстанда Назарбаевдин кланы алсырап, президент Касым-Жомарт Токаевдин таасири күчөгөнүн билдирип келишет. (ErN)

Дагы караңыз

Базаркулов: "Мегаком” күч органдарына маалымат бербейтПрезидент Матраимовдун камактан чыкканы боюнча түшүндүрмө бердиСадыр Жапаровдун маеги: жаңы Ак үй, согуш, оппозиция жана Матраимов Армения менен Азербайжан чек ара боюнча биргелешкен комиссия түзүштүДепутат: жаңы келген өрт өчүрүүчү машинелер ишке берилбей турат