Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян менен Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов эки өлкөнүн ортосундагы чек араны делимитациялоо боюнча комиссиянын түзүмүн макулдашты. Бул тууралуу алардын телефондук сүйлөшүүсүнөн кийин эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтери кабарлады.
Тараптар комиссиянын отурумдарын жакын арада өткөрүүнү келишти. Министрлердин сүйлөшүүсүндө мындан сырткары тынчтык келишимин даярдоо боюнча да маселелер сүйлөшүлдү.
Эки өлкөнүн ортосундагы Тоолуу Карабак аймагында мартта кайрадан тиреш катталган. Армения аталган аймактагы айылга Азербайжан аскерлери басып киргенин маалымдаса, Азербайжан тарап тескерисинче Армения тарапты күнөөлөгөн. Нейтралдуу аймакты кайтарып жаткан орус аскерлери Азербайжан тараптан аткылоого кабылганын билдирген.
Апрелдин башында Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель ортомчулугу аркасында Брюсселде жолугушкан. Анда алар Тоолуу Карабактагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча тынчтык келишимин иштеп чыгууну жана эки өлкөнүн ортосундагы чек араны демаркациялоо боюнча комиссия түзүүнү макулдашкан.
Армения менен Азербайжан 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Армения тараптан 4 миңдей, Азербайжан тараптан 3 миңдей адам каза болгон. Бул жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.
Шаарды алгандын эртеси Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин аталган чөлкөмдө ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан. Бул келишимге ылайык, Армения менен Азербайжан ал кол коюлганга чейин өз аскерлери ээлеп турган аймактарды башкарып турмак болгон. Кесилишкен тилкени Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү кайтарып келет.
Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон. (ErN)