Ереванда өкмөткө каршы нааразылык акциясы уланды

Армениянын борбору Еревандагы нааразылыктар. 3-май, 2022-жыл.

Армян оппозициясы Ереванда премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган нааразылык акцияларын 3-майда да улантты.

Акцияга чыккандар бир нече проспектилер менен көчөлөрдү жабууга аракет кылышты. Жолдор бир аз тосулгандан кийин полиция аларды тротуарга сүрүп чыгарды. Түшкө чейин кеминде 70тей адам кармалды.

Армениядагы нааразылыктардын башталганына эки апта болду. 1-2-майда акциялар күчөп, “баш ийбөө” формасына өткөн. Алар көчөлөрдөгү кесилиштерде отургучтарды, таштанды челектерин пайдаланып, баррикада жасап жатышат. 2-майдагы акцияда 200дөн ашуун киши кармалып, бир бөлүгү кайра коё берилген.

Нааразылыктар премьер-министри Никол Пашиняндын “эл аралык коомчулук армян тараптан Тоолуу Карабактын макамы боюнча талаптарын жумшартууну күтүп жатат” деген сөзүнөн кийин башталган. Оппозиция муну менен армян өкмөтү Тоолуу Карабак боюнча Азербайжандын шарттарына көндү деп баалап жатат.

Эки өлкөнүн ортосундагы Тоолуу Карабак аймагында мартта кайрадан тиреш катталган. Апрелде эки тарап Тоолуу Карабактагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча тынчтык келишимин иштеп чыгууну жана эки өлкөнүн ортосундагы чек араны демаркациялоо боюнча комиссия түзүүнү макулдашкан.

Армения менен Азербайжан 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Армения тараптан 4 миңдей, Азербайжан тараптан 3 миңдей адам каза болгон. Бул жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон. (ErN)

Дагы караңыз

Кадамжай: бүтүрүүчү класстын окуучусунун суициди иликтене баштады "Азаттыктын" каармандары "Элдик мугалим" сыйлыгын алышты Евробиримдик газды Орусиядан эмес, Африкадан алууну пландаштыруудаАКШ менен Армения атомдук энергетика тармагында кызматташууну келиштиЫсык-Көлдө жол жээгиндеги беш гектар жер өрттөндү