Түркиянын Анталья шаарында орусиялык туристтер азайды

Түркиянын Анталья шаары.

Быйыл Түркиянын Анталья курорттук шаарына келген орусиялык туристтердин саны коронавирус пандемиясы башталганга чейинки мезгилге же 2019-жылга салыштырмалуу 72 пайызга азайды.

Орусиянын Туроператорлор биримдигинин маалыматына ылайык, 2022-жылдын алгачкы беш айында Антальяга 367,8 миң орусиялык турист барган. 2019-жылдын бул мезгилинде Антальяда эс алган орус туристтеринин саны 1,3 миллионго жеткен болчу.

Туроператорлор биримдиги Антальядагы орусиялык туристтердин азайышын геосаясий кырдаал жана санкциялар менен байланыштырып жатат. Маалыматка ылайык, 2022-жылдын январь айында үч жыл мурдагы салыштырмалуу Антальяга барган орусиялыктардын саны 16 пайызга көп болгон. Бирок Орусия Украинага кол салгандан кийин туристтердин агымы андан кескин түрдө басаңдай баштаган.

Маселен, 2019-жылга салыштырмалуу быйыл февраль айында Түркиянын курорттук шаарына келген орус туристтеринин саны 12 пайызга, апрель айында 81 пайызга азайып кеткен.

"Росстаттын" маалыматына ылайык, 2022-жылдын биринчи кварталында Түркияга багыт алган орусиялык туристтердин саны былтыркыга салыштырмалуу 23 пайызга кыскарган.

Дагы караңыз

Казакстанда конституциялык өзгөртүүлөр күчүнө кирдиГерманиянын башкы дипломаты "Талибандын" багытын сындадыДонбасстагы жикчилдер орус генералы Кутузов мерт болгонун ырасташтыМинистр: Тышкы миграцияда жүргөн аялдар эркектерден көп“Жалалабатэлектр” ишканасынын мурдагы жетекчиси айыпка жыгылдыБаткенде жемкорлукту айтып чыккан айыл башчыларды колдогон акция өтүп жатат