Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:55

Казакстанда конституциялык өзгөртүүлөр күчүнө кирди


Нур-Султан шаарындагы добуш берүү, 5-июнь 2022-жыл.
Нур-Султан шаарындагы добуш берүү, 5-июнь 2022-жыл.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 5-июндагы референдумдун расмий жыйынтыгын жарыялап, Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө киргенин билдирди. Комиссиянын төрагасы Нурлан Абдировдун айтымында, референдумдун жыйынтыгы милдеттүү күчкө ээ жана кошумча мыйзамдык актылар менен бекемдөөгө жатпайт.

Референдумдун акыркы жыйынтыгы бир күн мурда жарыяланган алдын ала жыйынтыктардан дээрлик айырмаланбайт. Ага ылайык, жекшембидеги добуш берүүгө Казакстандагы жалпы шайлоочулардын 68,06 пайызы катышты. Алардын 77,18 пайызы президент Касым-Жомарт Токаев сунуш кылган өзгөртүүлөрдү колдоду.

Казакстандын Баш мыйзамына баш-аягы 56 өзгөртүү киргизилди. Алардын айрымдарына ылайык, өлкөдө президентке жана бир катар жогорку кызмат адамдарына саясий партиянын мүчөсү болууга тыюу салынат. Мамлекет башчысынын тууган-уругуна жогорку саясий кызматтарды ээлөөгө болбойт. Казакстанда 1995-жылы жоюлган Конституциялык сот кайра калыбына келтирилет. Мажлистин бир бөлүгү бир мандаттуу округдардан шайланып келет жана өлкөдө өлүм жазасына тыюу салынат.

Ошондой эле Конституциядан биринчи президент Нурсултан Назарбаев тууралуу бардык сөздөр жана анын "Елбасы" деген макамы да алынды.

2019-жылы Назарбаевден бийликти өткөрүп алган Касым-Жомарт Токаев эми өлкө "супер-президенттик башкаруу системасынан парламенти күчтүү президенттик республикага өтүп жатканын" билдирген.

Көз карандысыз талдоочулар Баш мыйзамга киргизилген толуктоолорду "реформа" деп атоого болбой турганын, бийлик бул референдум аркылуу алдыдагы президенттик шайлоого гана даярданып жатканын, жаңыланган Конституцияда президенттин эбегейсиз ыйгарым укугу өзгөрүүсүз калганын айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG