Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:03

Донбасстагы жикчилдер орус генералы Кутузов мерт болгонун ырасташты


Киев облусунун Дмитровка айылындагы жолдо ташталган орус аскердик кызматкеринин формасы, 1-апрель 2022-жыл.
Киев облусунун Дмитровка айылындагы жолдо ташталган орус аскердик кызматкеринин формасы, 1-апрель 2022-жыл.

Украинанын Донецк облусундагы Москва колдогон жикчилдердин лидери Денис Пушилин Орусиянын дагы бир жогорку аскердик командири, генерал-майор Роман Кутузов мерт болгонун ырастады. Пушилин 7-июнда Кутузовдун сүрөтүн жана ага арналган коштошуу катын Телеграмга жарыялады. Бирок анда орус генералы кандай шартта каза тапканы жазылган эмес.

Эки күн мурда Кремлди жактаган бир катар орусиялык журналисттер генерал Кутузов Украинанын чыгышындагы Луганск облусунун Попасная районундагы Николаевка айылынын жанында каза тапканын билдиришкен. Бул маалыматты украин бийлиги же орус тарап расмий ырастай да, четке да кага элек.

Орусиянын мамлекеттик телерадио корпорациясынын журналисти Александр Сладков Кутузов орус күчтөрү Украинага кол салгандан бери урушта өлгөн төртүнчү орусиялык генерал болуп калганын айтты.

Бирок бир катар көз карандысыз маалымат каражаттары Украинада ажал тапкан орусиялык аскердик жетекчилердин саны алда канча көп экенин билдирип келишет. Жакында New York Times басылмасы Украинада баш-аягы 12 орус генералы өлтүрүлгөнүн жазды.

Орусиянын Коргоо министрлиги согуштагы жоготуулары тууралуу март айында эки жолу гана маалымат берип, 1351 аскердик кызматкери гана каза болгонун ырастаган. Көз карандысыз байкоочулар жана украин бийлиги орус армиясынын жоготуусу бир нече эсе көп экенин айтып келишет. Бул аптада Орусиянын соту Украинада каза болгон орус аскерлеринин аты-жөнү жазылган тизмени мамлекеттик купуя сыр деп тааныды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG