Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:44

Назарбаевдин "күйөө баласы" башкарган ишканада ири мыйзам бузуу аныкталды


QazaqGaz компаниясынын мурдагы башчысы Кайрат Шарипбаев.
QazaqGaz компаниясынын мурдагы башчысы Кайрат Шарипбаев.

Кезинде Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы делген Кайрат Шарипбаев жетектеп турган QazaqGaz компаниясында триллион теңгеге жакын каржылык мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу компаниянын азыркы жетекчиси Санжар Жаркешов билдирди.

"937 миллиард теңгеден (2,2 миллиард) ашык суммага барабар ортомчулук схемалар жана каржылык мыйзам бузуулар болгон. Анын 123 миллиард теңгеси далилденди", – деди Жаркешов парламенттин дүйшөмбүдөгү жыйынында.

Ал компаниянын ишмердүүлүгү боюнча толук аудит жүргүзүлгөнүн, ишканада "көп маселе жыйналып калганын" кошумчалады.

Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаеванын бейрасмий күйөөсү деп эсептелген Кайрат Шарипбаев QazaqGaz компаниясын (буга чейин "КазТрансГаз" деп аталган) 2014-жылдан бери башкарып келген. Ал быйыл январдагы кандуу окуялардан кийин Назарбаевдин башка жакындары сыяктуу кызматтан алынган.

Шарипбаев кеткенден кийин QazaqGaz компаниясын убактылуу жетектеген Ибулла Сердиге өткөн жумада издөө жарыяланганы кабарланган. Жергиликтүү басылмалар жазгандай, ал акыркы 20 жылдан бери Шарипбаев иштеген мекемелерде маанилүү кызматтарды ээлеп келген.

Жыл башында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Январь окуяларынын тутанышына себеп болгон "суюлтулган газдын кымбатташына жол берген өкмөттүн, анын ичинде Энергетика министрлиги менен "QazaqGaz" компаниясынын да күнөөсү бар экенин" билдирген.

XS
SM
MD
LG