Северодонецкиде салгылашуу уланууда, Лисичанск аткылоого туш болду

Донбасттагы украин аскерлери.

Украинанын чыгышындагы Северодонецк шаарында салгылашуу уланууда.

Украинанын Куралдуу күчтөрү 8-июнда тараткан билдирүүсүнө ылайык, украин армиясы Северодонецк шаарын коргоону улантып жатышат.

Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай Лисичанск шаары да катуу аткылоого туш болуп атканын жазды. Азырынча бул маалыматтар канчалык чын экенин текшерүү мүмкүн эмес.

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус аскерлери сан жана курал-жабдыктан үстөмдүк кылганына карабастан, украин күчтөрү Донбассты "каармандык менен коргоону" улантарын убада кылды.

"Баскынчылар биздин аскерлер ушундай катуу туруштук берерине ишенишкен эмес,-деди Зеленский 8-июнга караган түнү жасаган кайрылуусунда.

Орусия Северодонецкидеги карапайым тургундар жашаган райондор украин аскерлеринен бошотулганын 7-июнда маалымдаган.

Британиянын Коргоо министрлиги 8-июнда жарыялаган күнүмдүк отчетунда соңку 24 саатта эки тарап тең кандайдыр бир "маанилүү позицияларды ээлей албаганын" жазды.

Дагы караңыз

Милиция окуучусу каза болгон мугалим камалганы тууралуу маалыматты четке какты Сырттан которулган акчаны ошол валютада бербеген банктар жазаланары айтылдыКыргыз-кытай тышкы иштер министрлери жүк ташууну көбөйтүүнү талкуулады“Камбар-Ата-1” ГЭСинин биринчи агрегатын 2028-жылы ишке берүү пландалууда