Арзыбек Кожошев Нур-Султанда чек арадан жүк өткөрүү көйгөйүн көтөрдү

Арзыбек Кожошев.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин жыйынында чек арадагы ар кандай тоскоолдуктарды, негизсиз текшерүүлөрдү азайтып, жүк ташууга шарт түзүү маанилүү экенин айтты.

Бул тууралуу ал 10-июнда кеңештин Нур-Султан шаарында өткөн жыйынында билдирди. Ал “айыл чарба жана азык-түлүк товарларын ташууну камсыз кылуу боюнча ыкчам чараларды кабыл алуу зарыл” деди.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында маал-маалы менен жүк ташуучу автоунаалардын кээде бир нече чакырымга созулган узун кезеги болуп турат. Бул көрнүнүштү казак тарап Кыргызстандагы аткезчилик менен байланыштырса, расмий Бишкек коңшусун ЕАЭБдин талаптарын аткарбай жатат деп айыптап келет.

Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн Евразия экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган. (BTo)

Дагы караңыз

Жогорку соттун судьялары сөз байлыгын байытууну окуп жатышатThe Guardian: Украинада кеминде 20 миңдей орус аскери өлдүПрофсоюздар федерациясынын мурдагы жетекчиcи үй камагына чыктыПарламенттин алдында депутат Шайлообек Атазовго каршы пикет өттүЫсык-Көлдө жапайы тоо теке кырылганына тоют жоктугу себеп экени айтылдыСадыр Жапаров мурдагы министр Бекболот Талгарбековдун сөзүнө жооп берди