Беларуста нааразылык акцияга катышкан журналист өлкөдөн чыгып кетти

Оксана Колб.

Беларустагы “Новый Час” гезитинин башкы редактору Оксана Колб өлкөдөн чыгып кеткенин “Азаттыктын” беларус кызматы билдирди. Буга чейин ал нааразылык жүрүштөргө катышкандыгы үчүн эки жарым жылга кесилген. Ал Беларустан чыгып кеткенин Фейсбуктагы баракчасына да жазды. Бирок кайсы мамлекетке экенин ачык айткан жок.

Оксана Колб 2020-жылдын 16-августунда нааразылык акцияга катышканы үчүн быйыл июнь айынын ортосунда Минск шаарынын соту тартипти одоно бузган деген айып менен ага эки жарым жыл жаза берген. Ал жазасын өтөй турган абакка жеткизилгенге чейин эч жакка чыкпоо тил каты менен сот залынан бошотулган.

Журналист 2022-жылдын 20-апрелинде кармалган. Эки күндөн кийин кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга камалган.

Мамлекеттен каржыланбаган жападан-жалгыз “Новый Час” гезити 2002-жылдан бери беларус тилинде чыгып келаткан. Акыркы жылдары ал 7 миң нускага жеткен. 2020-жылы Беларуста массалык нааразылык акциялары башталгандан кийин Оксана Колб жана басылманын журналисттери бир нече жолу кармалып, тинтүүгө алынып, алардын жабдуулары конфискация болгон.

Басмаканалар гезитти басып чыгаруудан баш тарткандыктан 2021-жылы гезит кагаз түрүндө чыкпай калган. Былтыр күзүндө басылманын сайты да жабылган. Ошондон бери журналисттер материалдарды социалдык тармактарга жарыялап келишет.

Дагы караңыз

Кыргызстанда 5G технологиясын сыноого уруксат берилдиМелитополдо Орусиянын 100дөн ашык аскери набыт болгону кабарланды"Кыргыз почтасынын" ишинде техникалык үзгүлтүк болдуИзраил менен “Ислам жихады” Газада ок атышууну токтотууну макулдашты"Ош" аэропортундагы көйгөйлөрдү айткан журналист коркутууга кабылып жатканын билдирдиКазакстан менен Өзбекстан чек араны демаркациялоо долбоорун макулдашты Гутерриш Запорожьедеги АЭСке байланыштуу тынчсыздануу билдирди