Овсянникова “орус армиясын дискредитация кылды” деген доого жыгылды

Марина Овсянникова.

Черемушкин райондук соту Орусиянын “Биринчи канал” мамлекеттик телеканалынын мурдагы редактору Марина Овсянникованы орус армиясын жаманатты кылган деген негизде дагы бир доого жыкты. Ага социалдык тармактардагы билдирүүлөрү үчүн 40 миң рубль айып пул салынды. Овсянникова күнөөсүн моюнуна алган жок.

Айып салуу боюнча протокол Овсянникованын Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүсүнөн улам түзүлгөн. Анын адвокаты ишти кайра милицияга кайтарууну суранган. Алар Овсянниковага иш козголгону тууралуу туура эмес маалымат берилгенин, документтер ал көптөн бери жашабаган дарекке жөнөтүлгөнүн айтышкан.

Июлда Марина Овсянникова орус армиясын дискредитация кылган деген шек менен дагы бир иш боюнча 50 миң рубль айыпка жыгылган. Мунун алдында ал Кремлдин фонунда “Путин – өлтүргүч, анын жоокерлери – фашисттер!” деген плакат кармап, жалгыз пикет өткөргөн.

Марина Овсянникова 14-мартта “Время” программасынын кечки чыгарылышындагы түз эфирде студияга кирип барып, алып баруучу Екатерина Андрееванын артында “Согушту токтоткула! Пропагандага ишенбегиле. Бул жерде силерге калп айтып жатышат” деген плакатты көтөрүп чыккан. Ал “Согушту токтоткула!” жана “Согушка жол жок!” деп кыйкыра баштаганда режиссёрлор эфирди башка сюжеттин кадрлары менен жабууга аргасыз болушкан.

Москванын Останкино соту Овсянниковага карата “Орусия армиясын дискредитациялоо” боюнча кылмыш ишин каттап, ага 30 миң рубль айып пул салынган.

Марина Овсянникова апрелде өлкөдөн чыгып кетип, Германиянын Die Welt гезитине штаттан тышкаркы кабарчы болуп жумушка орношкон. Кийин кайра иштен чыгып кеткен, июлдун башында Орусияга кайтып барган.

Дагы караңыз

Кой-Таш иши боюнча сот 10-августка жылды Газды керектөөнү 15% азайтуу боюнча ЕБдин жобосу күчүнө киретЧек ара кызматы ок тийген өспүрүм боюнча жаңы маалымат таратты Хорогдо генерал Назаровдун өлүмүнө айыпталган үч адам өмүр бою кесилдиОоган жараны Иранда он кишини өлтүрүүгө шек саналып кармалды