"Энергоатом": орус аскерлери Запорожье АЭСин дагы аткылады

Запорожье АЭСи.

Украинанын "Энергоатом" өзөктүк агенттиги Орусиянын аскерлери Запорожье атомдук электр станциясына дагы чабуул жасаганын билдирди. Анда станциянын жанындагы чөп өрттөнгөнү, эч ким жабыркабаганы жана кырдаал көзөмөлдө экени айтылат.

Расмий Киев орус аскерлерин 5-6-августта Запорожье атомдук электр станциясынын аймагын аткылаган деп айыптаган. Анда чабуулдан радиацияны көзөмөлдөөчү үч кыймылдаткыч жабыркап, АЭСтин бир жумушчусу жаракат алганын билдирген.

Украина менен Орусия Европадагы эң ири атомдук электр станциясын аткылоого байланыштуу бири-бирин айыптап келет.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия “олуттуу коркунуч” жаратып жатканы үчүн Москвага каршы жаңы эл аралык санкцияларды киргизүүгө чакырган.

Запорожье атомдук электр станциясы март айынан бери орус аскерлеринин көзөмөлүндө, аны украин кызматкерлери башкарат.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш 8-августта бул станциядагы абалды иликтөө үчүн эл аралык эксперттердин киришине уруксат берүүгө чакырган.

Дагы караңыз

Октябрь окуяларына айыпталгандарды актаган сот чечими күчүнө кирди Бишкек: ок атылган окуяга байланыштуу кылмыш иши козголду "Кыргыз почтасы" Хабиб Нурмагомедовдун атасынын урматына марка чыгарды Онкология борбору: дарыгерлер блогерден улам бийликке даттанышты Ислам шериктештиги оюндары: Акматалиев жана Тыныбекова алтын байге алыштыНавальный түрмөдөгүлөрдүн кесиптик кошуунун түзгөнүн жарыялады