Баткен: жайлоого мал айдап кеткен чабан бир нече күндөн бери табылбай жатат

Жайлоо. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен облусунда бир чабандын дайыны бир нече күндөн бери чыкпай жатканын билдирди.

Ага ылайык, Орто-Боз айылынын 30 жаштагы тургуну 7-августта Догмон жайлоосу аркылуу Кишемиш жайлоосуна мал айдап кеткен. Ошондон бери табылбай жатат.

Аталган министрлик чабанды тогуз куткаруучу, жети милиция кызматкери жана 50дөй жергиликтүү тургундан турган топ издеп жатканын кабарлады.

Дагы караңыз

Тажикстанда тыюу салынган диний партия БУУга кайрылдыОнкология борбору: дарыгерлер блогерден улам бийликке даттанышты Бишкек: ок атылган окуяга байланыштуу кылмыш иши козголду Октябрь окуяларына айыпталгандарды актаган сот чечими күчүнө кирди