Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) эксперттер тобу Запорожье атомдук электр станциясына (АЭС) барды. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттигинин кабарчысы билдирип, БУУ деп жазылган тогуз жана аларды коштогон бир нече машина АЭСтин аймагына киргенин кабарлады. Ал станцияда абал тынч экенин кошумчалады.
МАГАТЭнин миссиясы 30-августта Киев шаарына жетип, 31-августта абалды иликтеп келиш үчүн АЭСке жол тарткан. Энергодар шаарынын мэри Дмитрий Орлов Орусиянын аскерлери 1-сентябрда шаарды тынымсыз аткылап жатышканын билдирген.
Украинанын “Энергоатом” ишканасы орус аскерлери Запорожье атомдук электр станциясын (АЭС) миномёттон аткылап, АЭСтин бешинчи энергетикалык блогу өчүрүлгөнүн маалымдап, бул үчүн Орусияны айыптады.
Европадагы эң ири атомдук электр станциясынын аймагы акыркы жумаларда бир нече жолу аткыланып, кооптуу жагдайлар жаралды. Бул үчүн Киев менен Москва бири-бирин айыптап келет.
Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин башчысы Рафаэл Гросси буга чейин коопсуздук үчүн Орусиядан да, Украинадан да кепилдик алганын жана алар АЭСте бир нече күн болорун билдирген. Анын жыйынтыгы боюнча станциядагы абал тууралуу маалымат берилет.
Дагы караңыз
Би-Би-Си: Орусия согушта 900дөн ашык элиталык аскер адистерин жоготтуУКМК санариптештирүүдө акча кымырылганын билдирдиДСУ: Пакистанда сел 900гө жакын ооруканага зыян алып келдиБаткенде жемкорлукту айтып чыккан айыл башчыларынын иши сотко өттүМирзиёев СССРде 100 миң өзбекстандык репрессияга кабылганын айттыТокаев: Январь окуясында кармалгандардын айрымдарына мунапыс берилетЖогорку Кеңеште 19 тонна алтындын дайыны тууралуу маселе көтөрүлдү