Москва: Базарбаев менен Колокольцев мигранттар маселесин талкуулады

Кудайберген Базарбаев.

Кыргызстандын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 12-сентябрда Москвада Орусиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев менен жолукту. Аталган министрлик тараткан маалыматка ылайык, анда тараптар кыргыз мигранттарын каттоого байланыштуу маселелерди талкуулады.

"Кыргыз тарап миграциялык жол-жоболорго байланыштуу бир катар сунуштарды киргизди. Жолугушуунун жыйынтыгында орус тарап сунуштарды эске алып, маселелерди чечүү үчүн чогуу аракеттенүү макулдашылды",- деп айтылат маалыматта.

Өткөн аптада айрым депутаттар миграция маселелери, сын-дооматтардан улам Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат менен министр Базарбаевди кызматтан бошотуу тууралуу президентке кайрылышкан.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны эмгек мигранты болуп жүрөт. Бул өлкөдө 3-сентябрдан тартып мигранттардан эмгек келишимин жана жашаган жери боюнча миграциялык каттоосун талап кылган эреже күчүнө кирди.

Мындан улам паспортуна “кирди-чыкты” белгисин койдуруу үчүн мигранттар Казакстан менен Орусиянын чек арасына агылууда.

Жогорку Кеңеште ушул айдын башында кыргыз мигранттарынын абалын жеңилдетүү үчүн Мамлекеттик Думага кайрылуу демилгеси көтөрүлгөн. Буга чейин Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.

Дагы караңыз

Орус абактарында миңдей кыргыз жараны жазасын өтөп жататУКМК: Журат Абдуллаевдин 800 миллион сому мамлекетке чегерилдиМинистр Доскул Бекмурзаевге эки кылмыш иши козголду Ысык-Атада аялын уруп өлтүрүүгө шек саналган жаран кармалды Бизнес-акыйкатчы ишкерлер кабылган басым-кысымга тынчсызданды Зордуктоого шек саналган Улуттук Гвардиянын жоокерлери эки айга камалды