Караколдо киши колдуу болгон эки аялдын сөөгү табылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районундагы батирлердин биринен 56 жана 57 жаштагы эки аялдын сөөгү табылган. Милиция алардын денесинде бычактын тактары бар экенин аныктаган. Батирден канга боёлгон бычак да табылганын Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул ишке шек саналып, мурда бир нече жолу соттолгон 44 жаштагы адам кармалган. Анын үйүн тинтүү учурунда кара куурай жыттанган суюктук жана баңги зат кошулган спирт алынган.

Шектүүгө Кылмыш кодексинин 283-беренеси (Маңзат, психотроптук заттарды сатуу максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголуп, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда анын аялдардын өлүмүнө катышын аныктоо боюнча иликтеп-тергөө иштери жүрүп жатат.(ZKo)

Дагы караңыз

Киевде Зеленскийдин кортежи жол кырсыгына кабылдыСамарканддагы саммит. Темир жол куруудагы макулдашууЧек ара: Баткендеги эки айыл жаңыдан курулатАзербайжан – Армения чек арада ок атышууну токтотууну макулдаштыТашиев: чек арада тажик тараптан чагым даярдалганын байкадыкЗеленский орус армиясы чегинген шаарга бардыСирияда ажал тапкан Сирожиддин Мухтаров ким?Адвокат Абакиров: Бөлтүрүктүн иш-аракетинде кылмыштын курамы жок Абдуллаевдин өкмөткө өткөн акчасы, ишкерлердин кооптонуусу