Тенгиз Бөлтүрүк: коррупциялык иштерди мага шылтоо негизсиз

Тенгиз Бөлтүрүк.

Кумтөр кениндеги коррупцияга байланыштуу кармалган "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүк “Азаттыкка” учкай комментарий берип, өзүнө козголгон кылмыш ишин "акылга сыйбаган иш" деп атады.

“Бардык айыптоо калп, абсурд. Мен эки чоң компаниянын жетекчиси болуп иштедим, андан сырткары юридикалык иштерди дагы мен аткардым. Менде аябай көп иш болду. Мен бардык иштерди көзөмөлдөөгө жетишкен жокмун. Айрымдары чынында коррупциялык иштер менен алектеништи. Анын баарын мага шылтоо негизсиз”, - деди Бөлтүрүк.

Ал анын камалышында “саясий иш барбы” деген суроого “билбейм” деп жооп берди. Тенгиз Бөлтүрүк президенттин тапшырмасын так аткарып, “Кумтөрдү” элдин пайдасына иштетүү жолуна салганын кошумчалады.

Учурда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Тенгиз Бөлтүрүктүн бөгөт чарасы каралып жатат.

Башкы прокуратура 13-сентябрда Бөлтүрүк "Кумтөрдөгү" коррупцияга байланыштуу камалганын билдирген. Аны менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Буга чейин Башкы прокуратура "Кумтөрдү" текшерүүдө, ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке бир миллиард сомго жакын зыян келтирилгени аныкталганын маалымдаган.

Башкы прокуратура "Кумтөрдү" августта текшере баштаган. Учурда үч кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

"Центерра Голд" компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Кийин "Центерра Голд" компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөр Голд Компани" ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.

2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингине берилген. Ошол эле кезде Бөлтүрүк бул холдингдин жетекчиси бойдон калган. (TSh)

Дагы караңыз

Баткенде чек арадагы соңку жаңжалда эки үй жабыркадыЕвропа комиссиясынын төрайымы Киевге бардыЕреванда демонстранттар Пашиняндын отставкасын талап кылыштыКараколдо киши колдуу болгон эки аялдын сөөгү табылды