ИИМ: Сегиз айда жол кырсыгынан 379 адам каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

2022-жылдын сегиз айында жол кырсыгынан 379 киши каза болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов билдирди. Ал быйылкы сегиз айда жол кырсыгы 9% жакын, андан каза болгондордун саны 31,3% азайганын кошумчалады.

Парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети 4-октябрда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого байланышкан айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карады.

Өткөн жылы жол кырсыгынан 8 миңдей киши ар кандай жараат алган. Алардын 1,5 миңи жаш балдар. Жалпысынан 600гө жакын кишинин өмүрү кыйылган, алардын 80и балдар. (КЕ)

Дагы караңыз

Физика боюнча Нобел сыйлыгын Франция, АКШ, Австриянын окумуштуулары алды Акылбек Жапаров: Тажикстандын аракети ЖККУнун беделине шек келтиретКемпир-Абад маселеси: Өзгөндө президент эл менен жолугуп жатат Каржы министрлигинин Ички аудит кызматынын төрагасы пара алууга шектелүүдөОрус элчилиги мигранттардын мобилизациясы тууралуу кабарды четке какты