Президент Жапаров айдоочулук күбөлүк берүүгө өзгөчө көңүл буруларын билдирди

Садыр Жапаров "Унаа" тууралуу постуна ушул сүрөттү тиркеген.

"Унаа" мамлекеттик мекемесинин иштөө ыкмасы оңолуп, жөнгө салынганга чейин чейин президенттин көзөмөлүндө болот. Бул тууралуу Садыр Жапаров 12-ноябрда Фейсбук баракчасына жазды.

Мамлекет башчы айдоочулук күбөлүк берүү жол-жобосуна өзгөчө көңүл буруларын белгилеген.

"“Унаа” мамлекеттик ишканасынан айдоочулук күбөлүктү сатып алуу мүмкүндүгү, айрым чиновниктердин, айрыкча, күч түзүмдөрүндө иштеген аткаминерлердин айдоочулук күбөлүктү тууган-туушкан, жек-жаатына белек катары берип келгени эч кимге жашыруун эмес. Ар кыл коррупциялык схемаларды түзүп, мамлекеттик кызматты жеке өз кызыкчылыгына пайдаланып, киреше табуунун булагы катары көргөндөр да жок эмес. Аларга аёо болбойт. Айдоочулук күбөлүккө ээ болуунун адилеттүү жолу катары компьютердик экзамендер киргизилген", - деп жазды Жапаров.

Мамлекет башчы бул тармактагы чириген системаны жоюуга салым кошууга чакырган.


Жапаров компьютер аркылуу гана сынак тапшыруу керек деген талаптарды айланып өткөндөр болуп жатканын белгилеп, “Унаа” ишканасынын Жалал-Абаддагы филиалында айдоочулук күбөлүктү мыйзамсыз берүүнүн фактысы катталганын мисал келтирген.

Анда зымсыз “мышка”, дүрбү колдонулуп, сынактын жыйынтыгына алыстан кийлигишип тургандар болгонун, алар терезеден шыкаалап, сынактагы жоопторду тууралап турушканын белгиледи.

11-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Жайыл-Панфилов бөлүмүнүн адиси кармалганын билдирген. Маалыматка караганда, шек саналган кызматкер автотранспортту кайра жабдууда уруксат кагаздарын берүү үчүн акча талап кылган жана аны алып жаткан учурда колго түшкөн.

Президент Садыр Жапаровдун былтыр декабрдагы "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгына ылайык, "Унаа" мекемеси ИИМдин карамагына өткөн.

2018-жылдын 21-декабрында өкмөт Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаменти менен Маалыматтык кызматтардын адистештирилген борборун жоюп, анын базасында жаңы "Унаа" мамлекеттик мекемесин түзгөн. Автоунааларды каттоого жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүгө ушул мекеме жооптуу болору айтылган. (КЕ)

Дагы караңыз

Австралияда Актан Арым Кубаттын "Эсимде" тасмасы "Азиянын Оскарын" алдыЕБ жана Британия Орусиянын G20 саммитиндеги сөзүнө бойкот жарыялайтАба ырайы: жаан жаабайтКыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу документ парламентке келип түштүУКМК аткезчилик менен ташылган насвай жок кылынганын билдирди