SuperTVнын кабарчысынын сабалышына шектүү кармалды

Бактурсун Жоробеков.

SuperTV телеканалынын кабарчысы Бактурсун Жоробековдун сабалышына шектүү адам кармалып, камакка алынганын 24-ноябрда “Азаттык” радиосуна Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, 22 жаштагы шектүү алгач шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кийин соттун анын бөгөт чарасы тууралуу чечими менен Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган.

Кабарчы кабылган окуя Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (“Тоноо”) негизинде тергелип, учурда кылмышка шектүү экинчи адамды кармоо боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп жатканы маалымдалды.

Бактурсун Жоробеков аны бирөөлөр сабап кеткенин айтып милицияга 26-октябрда кайрылган. Ал бул окуяны өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырып жатканын айткан.

Милиция билдиргендей, кылмышкерлер журналисттин чөнтөк телефонун жана капчыгын тартып алышкан.

Журналисттерге кол салынган учурлар Кыргызстанда мурда да катталган. Буга байланыштуу эл аралык укук коргоо органдары тынчсыздануусун билдиришкен. (RK)

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров: "Улуу көчмөндөр мурасы" холдингин каржылоо токтодуОрусиялык алып баруучу Соловьевдун сөзү Казакстанда сынга кабылдыЖурналист Болот Темиров: Ишимди уланта беремОрусия полигондо каза болгон мигранттын сөөгүн туугандарына өткөрүп берди