Мариуполдогу тажик мигранттарына маяна толук берилбей жатат

Мариуполдогу тажик мигранттары. Архив.

Украинада орус күчтөрү көзөмөлдөп турган Мариупол шаарын калыбына келтирүү иштерине тартылган тажикстандык мигранттарга маянасы толук берилген жок. Аларды жалдаган орусиялык курулуш компаниялары башында убада кылган айлыктын жарымын гана төлөп жатканын "Азаттыктын" тажик кызматы 6-декабрда жазды.

Буга чейин Орусиядагы бир катар курулуш компаниялары тажиктерге Мариуполго барып иштөөнү сунуштаган. Ал жакка куруучуларды жөнөтүү менен Тажикстандын компаниялары да алектенет. Басылманын маалыматына караганда, мигранттардын айрымдары ал жерде жарым жылдан бери иштеп жүрсө, башкаларынын барганына бир айдан ашты.

Жумушчуларга 130 миңден 250 миң рублге чейин айлык, жатакана жана үч маал тамак берилерин убада кылышкан. Мигранттар 60-70 миң рублден айлык алып жатканын билдиришти.

Орусиянын армиясы Украинанын Мариупол шаарын май айында өз көзөмөлүнө алган. Президент Владимир Зеленский калаадагы имараттардын 95% кыйраганын, Мариупол Украинадагы гана эмес, Европадагы чоң шаарлардын бири экенин айткан.

“Важные истории” басылмасы Мариуполду калыбына келтирүү иши Орусиянын күч органдарында иштеген аткаминерлерге же алардын жакындарына таандык фирмаларга берилип жатканын жазган.

Дагы караңыз

Бишкекте Илья Терентьевдин үй музейи ачылдыКурултай: резолюцияда сөз эркиндиги жана камактагылар жөнүндө сунуш берилди  Музыкант Рузахунов Казакстандан кенемте талап кылууну көздөп жатат NYT: Орусия батыштын санкцияларына карабай ракета чыгарууну улантууда