Кыргызстанга өзбек өкмөт башчысы Абдулла Арипов келди

Абдулла Арипов.

Бишкектеги "Манас" эл аралык аба майданынан Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Арипов Бишкектеги Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына байкоочу мамлекеттин өкүлү катары катышат.

Ушул тушта аталган кеңештин тар чөйрөдөгү жыйыны башталды. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Беларустун президенттери жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышууда. Президент Садыр Жапаров башында сөз сүйлөп, бул жыйын каржылык-экономикалык маселелердин маалына, пандемиядан кийинки каатчылыкка туш келгенин белгиледи.

"Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн экономикасы чоң басымга кабылганы байкалып турат. Ушундай татаал шартта мамлекеттин башчылары катары бири-бирибизге пайдалуу шартта соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштүк үчүн бизден көз каранды болгон бардык аракеттерди көрүшүбүз керек",-деди Садыр Жапаров.

Ушул тушта жыйын жабык, прессанын өкүлдөрү жок өтүп жатат.

Буга чейин жыйында учурдагы экономикалык абалды, евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын актуалдуу маселелерин талкууланат. Отурумда биримдиктин ишин жөнгө салуу багытында бир катар документтерге кол коюлары кабарланган.

Быйыл уюмга Кыргызстан төрагалык кылууда.

ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу, элди жана товарларды эркин өткөрүү максатында уюшулган. Бирок ортодогу экономикалык тоскоолдуктар жоюлбай, ишкерлер өндүргөн продукциясын уюмдун ичиндеги өлкөлөргө жеткирүүдө кыйынчылыкка дуушар болуп жатканын айтып жүрүшөт.

Дагы караңыз

"Азаттык Медиа" мекемесинин жетекчиси алмашты Жогорку Евразия экономикалык кеңештин тар чөйрөдөгү жыйыны башталды Бишкектеги мектептердин баары эки күн онлайн окутууга өтөт Кыргызстандагы ЖМКны колдогон онлайн-телекөпүрө өтүп жатат Шаардык милиция мектептерде бомба коюлганы тууралуу маалыматты четке кактыБишкекке Касым-Жомарт Токаев менен Никол Пашинян келди Москвада мекендештерин опузалап жүргөн кыргыз жарандары кармалды