Косовонун түндүгүндө абал курчуп турат

Косовонун түндүк аймагындагы көчөлөрдү полиция кызматкерлери көзөмөлдөп турушат.

Жарым-жартылай таанылган Косовонун түндүгүндө жергиликтүү сербдер экинчи күн катары менен негизги жолдорду бууп жатышат. Приштина бийлигине баш ийген Косово полициясынын өкүлдөрү жекшембиге караган түнү алардын турумдарын белгисиз адамдар бир нече жолу аткылаганын билдиришти. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Косово полициясы Сербияга өтүүчү эки чоң жолду жаап койду.

Косовонун түндүгүндөгү кырдаал "жергиликтүү шайлоого даярдык көргөн аткаминерлерге зордук-зомбулук көрсөткөн" деп айыпталган мурдагы серб полиция кызматкери Деян Пантич кармалгандан кийин курчуп кетти.

Косоволук сербдердин көбү шайлоо өткөрбөөнү талап кылууда. Мурдараак 600дөй серб өкүлү бийлик органдарынан кетип калышкан. Муну менен алар Косово өкмөтүн Сербиянын жаңы автоунаа номурларын тааныбоо чечимине нааразылык көрсөтүшкөн . Шайлоолор ушул окуядан кийин дайындалган.

Косовонун түндүгүнө акыркы күндөрү негизинен этникалык албандардан турган атайын полиция күчтөрү киргизилди. Бул жергиликтүү сербдердин нааразычылыгынын дагы бир себеби болгон.

Косовонун премьер-министри Альбин Курти жолдорго орнотулган тосмолор керек болсо күч менен алынарын эскертти. 18-декабрга белгиленген шайлоо келерки жылдын апрелине жылды. Бирок бул да сербдердин нааразылыгын токтоткон жок.

Сербиянын президенти Александр Вучич Косоводо жайгашкан НАТОго кайрылып, серб аскерлери менен полиция кызматкерлерин Косовонун түндүгүнө жайгаштырууга макулдук берүүгө чакырды. Вучич Сербиянын мындай укугу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1999-жылдагы Косово чатагын жөнгө салуу боюнча резолюциясына ылайык деп ырастайт. НАТОдон азырынча жооп боло элек. Вучич макулдук берилбестиги мүмкүндүгүн айтты.

Мурдагы Югославиянын аймагындагы Косово согушу 1998-жылы башталган. Ал кезде Сербиянын курамында провинция болгон Косоводогу албандардын эгемен өлкө болуу аракети күч менен басылган. Катуу ырбаган согушка 1999-жылы НАТО аралашкан. Белград ушундан кийин гана Косоводогу согуштук аракеттерин токтоткон. Сербия мурдагы Косово провинциясына көзөмөлдү 1999-жылы биротоло жоготкон. Косово 2008-жылы көз карандысыздыгын жарыялап, аны ушул күнгө чейин дүйнөнүн 110 мамлекети тааныды. Ал эми Сербия анын эгемендигин тааныбай, Конституцияга ылайык өзүнүн бир бөлүгү деп эсептейт. Косовонун эгемендигин тааныбаган мамлекеттердин арасында Орусия, Кытай жана Евробиримдиктин айрым өлкөлөрү бар.

Дагы караңыз

Вудворд: Орусия Ирандан кошумча курал алууга аракет кылып жататОдесса жарыксыз калды, Донбасста кырдаал оор Кыргызстан Airbus H145 үлгүсүндөгү дагы бир тик учак сатып алдыФутбол күйөрмандары Парижде башаламандык уюштурдуПутин “газ биримдиги” жаатында көптөгөн маселелер бар экенин айтты