13-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Бишкек.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 13-декабрда Кыргызстанда кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2,

Талас жергесинде түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…+3,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6,

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…-7,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -24…-29, күндүз -6…-11.

Бишкекте абанын түнкү төмөнкү температурасы -10…-12°, күндүз 0…-2° болот.

Дагы караңыз

Энергохолдинг: Жарык атайылап эмес, авариялык себептен улам өчүрүлүүдөИИМ Темировду чыгарууга кеткен каражат тууралуу түшүндүрмө бердиБалдардын ишеним телефонуна 95 миңге чукул кайрылуу болдуКыргызстан–БАЭ өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өтүүдөАлтын кениндеги кырсыктын себебин иликтөөгө байланыштуу сын айтылдыЭлектр энергиясын керектөө эң жогорку чекке жетти