Камчыбек Ташиев жаңы тик учак менен үч облусту кыдырат

Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан жаңы сатып алган Airbus H145 үлгүсүндөгү тик учак менен Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарын кыдырат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматы боюнча, Ташиев күч түзүмдөрүнүн кышка даярдыгын текшерип, чек ара коопсуздугун камсыздоо маселесин талкуулайт.

Президенттин маалыматтык саясат бөлүмү Airbus H145 үлгүсүндөгү дагы бир тик учак бюджеттин эсебинен Германиядан сатылып алынганын 11-декабрда билдирген. Ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) балансына өткөрүлгөн.

Быйыл август айында да ӨКМ Airbus H145 үлгүсүндөгү тик учак сатып алган. Тик учактардын баасы тууралуу маалымат берилген жок.

Быйыл 17-октябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Азамат Арапбаев министрликтин тик учагы менен Чаткалга тойго барып келгени тууралуу маалыматтар чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мекемеге таандык тик учактын ижарага берилгенин ырастап, коомчулукта талкуу жаралган. Министрлик тик учактын ижара акысы саатына 2300 доллар экенин маалымдаган. (BTo)

Дагы караңыз

Кутманова жабдуулар абанын сапатын ар кандай көрсөтүп жатканын билдирди Кемпир-Абад иши: үч адамдын камактагы мөөнөтү узартылдыБайден менен Зеленский Украинадагы абалды талкуулады 13-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат Иранда дагы бир активист дарга асылды