Депутат Алимжанова экология боюнча токтомдор аткарылбай жатканын сындады

Бишкек.

Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанова экология боюнча кабыл алынган токтомдордун талаптары дээрлик ишке ашпаганын 22-декабрда "Парламент" радиосу менен болгон маегинде билдирди.

"Экология көйгөйүн Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинде караганбыз. Парламенттин жалпы жыйынында да кеңири талкууладык. Ар бир сунуш эске алынып, ишке ашырылуусу шарт. Коюлган талаптардын жыйынтыгын кайра-кайра сурамжылоо менен пайдалуу натыйжаларга жетишебиз. Болбосо, экология боюнча кабыл алынган токтомдордун бир канча талаптары дээрлик ишке ашкан эмес".

Алимжанова абаны тазартуу үчүн транспорттон чыккан зыяндуу түтүн маселесин чечүү зарыл экенин кошумчалады.

Бишкек жана Ош шаарларында акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды. Айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталганда баш калааны ыш, кара түтүн каптайт. Соңку жылдары дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун индексинде Бишкек тизменин башына чыгып жатат.

Финляндиянын метеорологиялык институтунун изилдөөсүнүн жыйынтыгында Кыргызстанда абанын булганышынан улам жыл сайын (2010-2019-жылдары) 4100-5000 адам мезгилсиз көз жумганы, бул каза болгондордун жылдык санынын 12-13% түзөрү айтылган. Бишкек шаарындагы абанын булганышынын негизги булагы көмүр жагуу экени көрсөтүлгөн.(КЕ)

Дагы караңыз

Кошалиев абакта отургандарга байланыштуу президентке кайрылдыПсихиатриялык ооруканадан качкан бейтап тогуз күндөн бери табылбай жатат Сузакта эки мектептин окуучулары үчүн кичи автобус берилди Казакстан: Январда окко учкан 12 жаштагы баланын иши токтотулдуFIDH бийликти Тоолуу Бадахшандагы активисттерди бошотууга чакырды