Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:38

Сузакта эки мектептин окуучулары үчүн кичи автобус берилди


Баткендин Кыштут айылындагы мектеп. 2022-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Баткендин Кыштут айылындагы мектеп. 2022-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо боюнча CASA-1000 долбоорунун алкагында АРИС уюму Сузак районунун Кыз-Көл жана Кыр-Жол айылындагы мектеп окуучулары үчүн эки кичи автобус тапшырды.

Алар менен аталган эки айылдагы окуучулар 8 чакырым алыстыктагы мектепке барышат. Ага жалпы 72 миң АКШ доллары жумшалган.

Учурда Жалал-Абад облусунда CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун алкагында жазылган 19 долбоордун 14ү ишке ашырылды.

Кыргызстанда мектептердин жетишсиздигинен улам алыс жакка барып окугандар жүздөп саналат.(TB/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG