Өзбекстанда алдыдагы сууктан улам кышкы каникулдун мөөнөтү узарды

Өзбекстандагы мектептерди бири, архивдик сүрөт.

Өзбекстанда бардык мектептерде, жогорку окуу жайларда кышкы каникулдун мөөнөтү 17-январга чейин узартылды. Ошондой эле бала бакчалар 10-18-январь күндөрү мөөнөтсүз тыныгууга чыгат. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги кабарлады.

Өзбекстанда кышкы каникул 9-январда аяктап, окуу 10-январда башталмак. Каникул келерки аптада аба ырайы кескин өзгөрүп, 10-15-январь күндөрү катуу суук болушу ыктымалдыгына байланыштуу узарды.

Кыргызстанда дагы Гидрометеорология борбору келерки аптадан тартып аба ырайы кескин өзгөрүп, абанын температурасы төмөндөшүн маалымдаган.

Мекеменин маалыматына караганда, 8-январга чейин өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. 9-январдан тартып өрөөндөрдө абанын температурасы түнкүсүн -7…-12 градуска чейин төмөндөп, 11-январдан кийин андан да суук болот.

Дагы караңыз

Кыштутта чакан ГЭС курган ишкер өкмөттөн колдоо жоктугуна даттанды Бакыт Төрөбаев энергетиктерге катуу суукка даяр турууну тапшырды Наристенин өлүмү: тергөө абагындагы дарыгерлер үй камагына чыкты Өкүлдөр палатасынын спикери алты аракеттен кийин дагы шайланбай калды Дайырбек Орунбеков "Мега" компаниясынын кызматын колдонууга чакырды