COVID-19: Кыргызстанда бир аптада 12 учур катталды

Иллюстрациялык сүрөт.

6-февралдан 12-февралга чейинки аралыкта Кыргызстанда 12 адам коронавирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталды. Оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалымдашынча, жети адам ооруканага жаткырылды. Калгандары үйүндө дарыланууда.

Мекеменин маалыматына ылайык, коронавирус боюнча Кыргызстандын бардык аймактары азыр жашыл зонада.

2022-2023-жыл ичинде Кыргызстанда 21863 адам коронавируска чалдыккан.

Жалпы пандемия башталгандан берки аралыкта 3 миңдей адам оорудан көз жумган.

Кыргызстанда былтыр, 1-ноябрдан тарта коронавирус инфекциясына байланыштуу өзгөчө абал режими алынган. Өзгөчө абал режими 2020-жылдын 22-мартында өлкөдө массалык оорулардын алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында киргизилген эле. Ага чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялаган.(ZKo)

Дагы караңыз

Америкалыктар Канаданын үстүнөн "табышмактуу" аппаратты атып түшүрдүУкраина: “Вагнерчилер” Бахмуттун жанындагы кыштакты басып алганын билдирдиБУУ: Түркия менен Сирияда зилзаладан 26 миллион киши жабыркадыСалык кызматы декларация тапшырууга милдеттүүлөрдүн тизмесин жарыяладыПрокуратура Исманкулов менен Бишкек мэриясы мамлекетке 93 млн сом зыян келтиргенин билдирдиТүркия: кыргызстандык куткаруучулар тирүү калган төрт адамды тапты