Украина: Бахмутта кандуу салгылаш уланууда

Бахмут, Украина.

Украинанын аскерлери өткөн суткада өлкө түштүгүндөгү Купянск, Лиман, Бахмут, Авдеевка жана Шахтерск багытындагы орусиялык аскер күчтөрдүн 85 соккусунун мизин кайтарды.

Бул тууралуу Украинанын куралдуу күчтөрү кабарлады.

"Душмандар эл аралык гуманитардык укук нормаларын бузууну улантып жатат. Орусиялыктар Донецк, Запорожье, Херсон облустарына абадан 31 жана үч ракеталык сокку урду. Жайкын тургундар арасында жарадар болгондор бар, көп кабаттуу жана менчик турак жайлар зыян тартты. Реактивдүү аткылоо системалары 88 жолу атылганы катталды", - деп билдирди Украинанын куралдуу күчтөрү.

Украинада 3-мартта эртең мененки саат 9:00дөн кийин абадан сокку урулушу мүмкүндүгү жарыяланды. Буга байланыштуу аймактарда ракеталык чабуул жасоо ыктымалдуулугу тууралуу эскертүү берилди.

Украинанын коргоо министринин орун басары Ганна Маляр Бахмуттагы бир нече аптадан бери уланып жаткан салгылашуу фонунда Орусиянын маалымат кампаниясы күчөгөнүн, медиада украин коомун жана аскерлерин жамандоого багытталган материалдар көбөйгөнүн айтты. (BCh)

Дагы караңыз

Президент Жапаров жол эрежесин бузгандардын жазасын күчөтүүнү колдоду24.kg агенттигинин журналисти УКМКга сурак берип чыктыNext TV кызматкери милицияга суракка чакырылганы кабарландыЭки айда 35,9 млрд. сом салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү чогулду