Бишкекте калайман мушташ уюштургандар изделүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте милиция калайман мушташ уюштургандарды издеп жатканын 6-мартта “Азаттык” радиосуна Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 5-мартта жарым түндө болгон.

Абдырахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде мушташ чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Бирок милиция окуя болгон жерге барганда эч ким аныкталган эмес.

Факт райондук милицияда каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү башталып, шектүүлөрдү аныктоо иши жүрүп жатканы кабарланды.

Кыргызстанда кылмыштуулуктун деңгээли жогорулап, криминогендик кырдаал курч бойдон калып жатканы боюнча маселе былтыр Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. Ички иштер министрлиги оор кылмыштар азайганын, бирок майда кылмыштуулук көбөйгөнүн билдирген. Numbeo сайты дүйнөдөгү 142 өлкөдөгү криминалдык кырдаалдын деңгээлин аныктаган. Анын тизмесинде былтыр Кыргызстан кылмыштуулук күч алган 50 өлкөнүн ичине кирип, 36-орунду ээлеген.

Дагы караңыз

Чүйдө наристени кордогон кишинин соту башка күнгө калдыАКШ кыргыз жарандарына виза алууга кеткен убакытты азайттыШольц: Батыш өлкөлөрү Украинага каржылык жана курал-жарактан колдоосун улантатКемпир-Абад иши: Перизат Суранова ооруканадан үйүнө чыкты