Ошто ууланган окуучулардын абалы канааттандырарлык экени белгилүү болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги Оштун Кара-Суу районунда ууланып, ооруканага түшкөн окуучулардын абалы канааттандырарлык экенин билдирди.

Мекеме тараткан маалыматка караганда, ооруканага түшкөн 18 баланын 13ү дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин үйүнө чыгарылды.

Алар өздөрү жашаган аймактагы дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Ош облустар аралык балдар клиникасынын директору Равшан Маматов жандандыруу бөлүмүндө жаткан беш окуучу мындан ары дагы текшерүү үчүн травматология бөлүмүнө которулганын "Азаттык" радиосуна кабарлады.

"Окуучулар белгисиз затка ууланышкан. Окуучулар өздөрү атыр экенин айтып жатат. Окуучулардын бири класска чачып туруп беш мүнөттөй эшикти жаап туруп алган экен. Окуучулар ууланып калган. 43 окуучу 4төн өткөндө келди. Эс-учун жарым-жартылай жоготуп келген беш окуучу жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Балдардын бардыгы капельница, кислород, кошумча жардам алышты. Балдар басып жүрөт, абалдары жакшы, туруктуу".

Ооруканага түшкөн балдардын бардыгы ар кайсы дарыгерлердин кароосунан өткөн.

Балдар ууланды делген затты жана балдардын кан анализдерин милиция кызматкерлери алып кеткенин клиниканын директору кошумчалады.

Оштун Кара-Суу районундагы №101 Кумар Момбекова атындагы орто мектептин 6-классынын окуучулары атырдын жытына ууланып, ооруканага түшкөнү 29-мартта белгилүү болгон.

Кыргызстанда мектептерде балдардын тамак-ашка, клейге жана белгисиз затка жапырт ууланган учурлары буга чейин бир нече жолу катталган. (КЕ)

Дагы караңыз

Муфтият ажыга баруу алдында эмдөөдөн өтүү керектигин эскерттиӨКМ Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашаган тургундар көчүрүлөрүн билдирдиБишкектин Ленин округунда мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майда өтөтУКМК эл аралык террордук уюмдун активдүү жактоочусу кармалганын билдирди