Казакстандын президенти Токаев Москвадагы парадга катышат

Путин менен Токаев. Архивдик сүрөт.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 9-майда Москвада Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин урматына өтүүчү парадга катышуу үчүн Орусияга барат. Бул тууралуу 8-майда кечинде Токаевдин басма сөз катчысы Руслан Желдибай Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды. Кабар жарыяланган учурда Акордонун сайты сапар тууралуу маалымат жарыялай элек болчу.

Президенттин өкүлү 8 -9-майдагы визитти "жумуш сапары" деп атады. Маалыматка караганда, Токаев Экинчи дүйнөлүк согушка байланышкан жерлерге бармакчы. Атап айтканда Тверь облусундагы Ржев мемориалына барып "Улуу Ата Мекендик согуштун эң ири салгылашууларынын биринде курман болгон 100- жана 101-аткычтар дивизияларынын казак жоокерлеринин элесине" таазим кылат. Ошондой эле президенттин агасы Касым Болтаевдин сөөгү коюлган "Трубино айылындагы массалык көрүстөнгө" зыярат кылат.

Маалыматта Токаев "КМШ лидерлеринин салтанаттуу иш-чарасына" чакырылганы белгиленет.

Буга чейин Кыргызстан президенти Садыр Жапаров парадга катышкан жалгыз чет өлкөлүк лидер болору айтылган. Бирок соңку күндөрү Кремль Тажикстан жана Түркмөнстан мамлекет башчыларын да чакырганы кабарланды.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын аннексиялаган 2014-жылдан кийин Жеңиш парадына катышкан чет элдик лидерлердин саны кескин азайган. Былтыр кошуна өлкөсүнө каршы агрессия баштаганда Москвадагы парадга бир да чет өлкөлүк жетекчи барган эмес.

Казакстан жана Кыргызстан согушта бейтарап позицияны ээлегенин айтып келатат.

Дагы караңыз

Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 9-июлда өтөт "ПолитКлиника" Шакиевдин каты деген маалыматты сайтынан убактылуу алдыТехастагы трагедиядан кийин Байден куралга тыюу салууга чакырдыБишкекте мектеп окуучулары Жеңиш күнүнө карата акцияга тартылуудаЗеленский 8-майды нацизмди жеңген күн катары белгилөөнү сунуш кылды Транспорт министрлиги: Нарын шаарында быйыл 44 көчө оңдолот