Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

25-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

24-майдагы нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун дэңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарыда түнкүсүн 12…17, күндүз 23…28

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 21…23° жылуу болот.

Дагы караңыз

Баткенде жабыркаган ишкерлердин 15 млн. сом насыясы жоюлатПрезидент Жапаров айрым блогерлер жана активисттер менен жолукту Кыргыз-тажик чек ара аймагында дрон учурбоо макулдашылдыОрусиянын соккусунан Херсондо эки жайкын тургун каза тапты Дары-дармек департаментинин директору пара алууга шек саналып кармалдыКытай - Борбор Азия: 50 млрд. доллардын канчасы Бишкекке тийди?