Ниязалиеванын штабынан кармалган эки киши үй камагына чыкты

Талапкер Дамира Ниязалиеванын штабын тинтүү учуру. 29-майдан 30-майга караган түн.

Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренесине шек саналып кармалган эки адам үй камагына чыгарылды.

Мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук соту 31-майда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматынын тергөөчүлөрүнүн өтүнүчү менен чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

№26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиеванын штабынын эки кызматкери 29-май күнү кечинде кармалган. Алар шайлоодо Ниязалиева менен иштешкен Али-Аскар Абдыралиев менен Роман Уметбеков экени айтылган.

30-майга караган түнү милиция Ниязалиеванын штабында тинтүү жүргүзүп, штабдын эшигин жаап, мөөр басып кеткен. Милиция кызматкерлери кылмыш иши интернетте тараган аудио жазуудан соң козголгонун билдиришкен.

Мунун алдында интернетте Ниязалиеванын үнүнө окшош аялдын шайлоо штабынын кызматкери делген адам менен сүйлөшүүсү тараган. Алар кишилерди ташып келүү, акча берүү жана башка темаларды сүйлөшкөн. Ниязалиева видеодогу сөздөр чындыкка дал келбей турганын билдирип, аудиону “монтаж” деп айткан.

28-майда №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы маалыматтарына ылайык, Дамира Ниязалиева алдыга чыккан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) экинчи орунду алган талапкер Улан Сариев да добуш сатып алууга шек саналып жатканын билдирди. Талапкер коюлган дооматты четке каккан. (BTo)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров: Кыргызстан демократияны тандаган өлкөИИМ: Чүйдө ымыркайын сатууга аракет кылган аял кармалдыТажикстанда соттолгон кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу маселеси көтөрүлдүМай айында Орусиядан төрт мигранттын сөөгү алынып келдиИндияда поезд кырсыгынан каза болгондор 300гө жакындадыШарль Мишелдин Кыргызстанга болгон расмий сапары башталдыКонституциялык сот депутаттарга иш козгоо тартибине түшүндүрмө бердиКүрөш: Айпери Медет кызы Бишкектеги мелдеште алтын медал тагынды