8-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 35…40;
Талас жергесинде түнкүсүн 16…21, күндүз 33…38;
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 16…21, күндүз 35…40;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы 20…22°, күндүзгү температурасы 37…39° болот. (КЕ)