Канадада 3,8 миллион гектар жерди өрт чалды

Канададагы өрттөн улам Нью-Йоркту түтүн каптады. 7-июнь, 2023-жыл.

Канаданын 3,8 миллион гектар жерин өрт чалды. Бул адатта жылдын ушул мезгилинде чыккан токой өрттөрүнөн жабыркаган аянттардан 10-15 эсе көп. Өкмөттүн 7-июндагы маалыматына ылайык, 414 жерде токойлор өррттөнүп жатат, анын жарымынан көбү көзөмөлдөн чыкты. 20 миңден ашуун киши эвакуацияланды.

Кошуна өлкөдөгү табигый кырсыктан улам АКШнын Нью-Йорк, Вашингтон жана башка шаарларын түтүн каптады. Түндүк Америкадагы он миллиондогон кишиге түтүндөн, абанын булганышынан этият болууга эскертүү берилди.

Нью-Йорк менен Вашингтондо мамлекеттик мектептер шаршембиде жабык болду. Нью-Йорктун мэри Эрик Адамс абал оорлошуп кетиши ыктымалдыгын эскертип, жашоочуларды зарыл иш болосо, сыртка чыкпоого чакырды.

Тилсиз жоо менен күрөшүү үчүн Америка Канадага жардам жөнөттү.

Адистер быйылкы адаттан тыш көрүнүш кургак жана ысык аба ырайынан улам келип чыкканын айтышат. Өрт ушул темп менен жайыла берсе, Канаданын жетекчилери бул өлкө тарыхындагы эң ири өрт болуп калат деп болжолдошот.

Дагы караңыз

Октон жараат алган жоокердин апасы уулу сабалганын билдирдиМэрия: Бишкектеги суу таңкыстыгын жоюу үчүн 500 миллион сом керек Курсан Асановдун сот иши: үч айыптын экөө боюнча актоо өкүмү чыктыБишкектеги суу көйгөйү: ЖК комитети 150 млн. сом бөлүп берүүнү колдоду Астана форумунда Садыр Жапаров сууну пайдалануу маселесин көтөрдү Бишкек: суу таңкыс болгон конуштарда сууга төлөм кайра эсептелет