"Дордой" базарындагы банктан чыккан өрт өчүрүлдү

"Дордой" базарындагы өрт. 10-июнь, 2023-жыл

Бишкектин "Дордой" базарындагы "Кыргызстан" банкында чыккан өрт саат 11:34тө толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, тилсиз жоо тууралуу маалымат бүгүн, 10-июнда саат 9:55те түшүп, аны өчүрүүгө эки бөлүм тартылды. ӨКМ өрттөн жабыркагандар жок экенин жана кырсыктын себеби такталып жатканын кабарлады.


Мекеменин маалыматына ылайык, былтыр өрттөн өлкөдө 30 адамдын өмүрү кыйылган. Жалпысынан 3194 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгым 3 миллиард сомдон ашкан. 31 адам куткарылып, 52 млрд. сомдук мүлк сакталып калган. (КЕ)

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров Сочиде Путин менен жолуктуСот Дамира Ниязалиеванын БШКнын чечимине каршы арызын четке кактыУкраина: Орусиянын согуштагы жоготуулары тууралуу иликтөө жарыяланды Президент Жапаров Июнь окуясынын 13 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады