Ошто жер көчкү коркунучунан улам 39 киши коопсуз жайга көчүрүлдү

Кожокелен айылы.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 15-июнда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл аймагындагы Кожокелен айылында эски жер көчкү жылып беш турак үйгө коркунуч жаралганын билдирди.

Мекеме адистер жер көчкүгө атайын белги орнотушканын, активдилүүгү көзөмөлгө алынганын кошумчалады.

Жер көчкүнүн болжолдуу көлөмү 100 миң куб метр деп эсептелди. Жер көчкү коркунучу бар аймактагы беш үйдүн 39 жашоочусу коопсуз жайга көчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти 9-июнда бул аймакта жер көчкү коркунучу бар деген корутунду чыгарып, жергиликтүү тургундарга көчүү сунушун берген. (BTo)

Дагы караңыз

Күрөш (U23): Бейшекеев менен Жанышов жаштар арасында Азия чемпиону болушту"Азаттыктын" журналисттерине футболду чагылдырууга уруксат берилген жок Европарламент Украинаны НАТОго кабыл алуу жараянын баштоого чакырдыӨзбекстанда кыйноого айыпталган мурдагы милиционерлер соттолдуБаткенди өнүктүрүү долбооруна быйыл 400 миллион сом бөлүндүУкраинадагы согушту айыптаган “Би-2” тобунун Бишкектеги концерти болбой калдыОрусиялык блогерлер Луганскидеги жоготуулар үчүн генералды күнөөлөштү