Данияда активисттер Ирак элчилигинин алдында Куран китебин өрттөштү

Данияда Ирактын элчилигинин жанында акция өткөргөндөр.

Данияда эки демонстрант Ирактын элчилигинин алдында мусулмандардын ыйык китеби Куранды өрттөштү. Окуя 24-июлда болгонун, экөө тең “Даниялык патриоттор” деген ашынган улутчул топтун мүчөлөрү экенин Reuters агенттиги жазды. Алар Ирак бийлигине кандайдыр бир талаптарды койгон-койбогону белгисиз.

Бул "Даниялык патриоттордун" бир жума ичиндеги экинчи акциясы. Бейшемби күнү топтун өкүлдөрү элчиликтин имаратынын алдында Куранды өрттөп, Ирактын желегин тебелешкен. Анда Даниянын тышкы иштер министри Ларс Расмуссен Курандын өрттөлүшүн “акылсыздык жана акаарат” деп атап, улутчулдарды айыптаган. Ошол эле учурда ал Даниянын мыйзамдары боюнча диний адабияттарды өрттөө кылмыш эместигин белгилеген.

Бул окуя Багдадда жапырт нааразылык жаратып, миңге жакын адам Даниянын элчилигинин алдына чогулуп, каршылык акциясын өткөрүшкөн. Басра шаарында демонстранттар Даниянын качкындар үчүн гуманитардык миссиясынын имаратын өрттөшкөн. Ирактын президенти Абдел Латиф Рашид билдирүү жасап, эл аралык уюмдарды жана батыш өкмөттөрүн “чагымчылдыкты жана жек көрүүчүлүктү козутууну токтотууга” чакырган.

Буга чейин Швецияда Куранды өрттөгөн акция болуп, мусулман өлкөлөрүндө нааразылык жараткан. Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңеши 12-июлда диний жек көрүүчүлүк тууралуу талаштуу резолюцияны жактырган.

Дагы караңыз

Кутманованын уулу депортация борборунда экени маалым болду Ооганстанда нөшөрлүү жаандан кийин каза тапкандар 40ка жакындады Армения, Азербайжан, Орусиянын тышкы иштер министрлери Москвада жолугушатОсмоналиев: Кыргызстан улуттук тилин көтөрүү аракетин көрүп жатат Twitter социалдык түйүнү логотибин X белгисине алмаштырды