ТИМ: Кулябдагы кырсыкта жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок

Кырсык "Сомони" базарынын тушунда болгон.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Куляб шаарындагы жол кырсыгынан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирди. Мындай маалыматты мекеменин басма сөз кызматы 7-августта таратты.

6-августта кечки саат 19:30дар чамасында Тажикстандын Куляб шаарында жүк ташыган машина жол четиндеги эки үйдү, бир канча жеңил унааны сүзүп кеткен. Дүйшөмбү-Куляб-Хорог жолундагы "Сомони" базарынын тушунда болгон кырсыкта 14 адам мерт болду.

Кулябдын саламаттык сактоо бөлүмү мерт болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин, жарадарларды, набыт болгондорду машиналардан алып чыгуу уланып жатканын билдирди.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги "Дулан" үлгүсүндөгү машинанын тормозу кармабай калып, кырсыкка кабылганын кабарлады. Адатта базардын тушунда жүк ташуучу машиналар саатына 20 чакырым ылдамдыкта жүрөт.

Бул окуяга байланыштуу Башкы прокуратура териштирүү ишин баштады.

Дагы караңыз

Аба ырайы: айрым жерлерде өткүн өтөтЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуунун төртүнчү айлампасы башталдыУлуттук банк чет элдик банктардын Кыргызстандагы эсебине байланыштуу өзгөртүүлөрдү сунуштадыПрезидент Жапаров Ысык-Көлдөгү 23 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алат