Садыр Жапаров "Жаштар жөнүндө" мыйзамга кол койду

Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 7-августта "Жаштар тууралуу" мыйзамга кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 21-июнда кабыл алган.

"Бул мыйзамдын максаты - жаштар саясатын калыптандыруу, жаштарды бардык чөйрөлөргө тартуунун жол-жобосун аныктоо. Мыйзамда жаштар саясатына жооптуу мамлекеттик органдын ишинин негизги багыттары, майыптыгы бар, аялуу топко кирген жаштар үчүн бирдей шарт түзүү, бул жаатта мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийликтин өз ара аракети, алардын укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыгын коргоо, ишкердикти өнүктүрүүгө жана жаштарды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, мамлекеттик жаштар саясатын каржылоо маселелери каралган", - деп жазылган президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Фейсбуктагы баракчасына өкмөт жаштар саясатын жүргүзүүгө 20 миллион сом бөлгөнүн жазды. Студенттик стартап долбоорлорун колдоого 10 миллион берилгенин, бул долбоорду Билим берүү жана илим министрлиги ишке ашыра турганын кабарлады.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 14 жаштан 28 жашка чейинкилердин саны 1,5 миллиондон ашат.

Дагы караңыз

Москва: кыргызстандык келин баласын урган деген шек менен камалды Түптөгү Талды-Суу, Көөчү жана Корумду айылдарында сел жүрдү Ленин округундагы кайра шайлоо: БШК Эртай Искаковдун арызын каттадыКыргыз-кытай чек арасы: өткөрмө бекеттеринин иши убактылуу өзгөрөтЫсык-Көлгө май төгүлгөн окуядан улам скутер ээсине айып пул салынды